Кыргызстандыктар мүлкүн жана кирешесин 9-июнга чейин мыйзамдаштыра алат

16 февраля 2024, 10:10

Кыргызстандыктар мүлкүн жана кирешесин 9-июнга чейин мыйзамдаштыра алат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кеп өткөн жылдын 1-январына чейинки активдер тууралуу болуп жатат.

Декларация тапшырган жаранга анын активдеринин бир бөлүгүн сактоо жана кылмыш куугунттугунан коргоо кепилдиги берилет. Легалдаштырылган активдерине салык жана бажы төлөмдөрү каралбайт.

Ведомстводон белгилешкендей, бул мүлктү жана кирешени легалдуу жүгүртүүгө тартып, инвестицияларды көбөйтүп, көмүскөдөгү экономика деңгээлин азайтууга багытталган чара.