Кыргызстандыктар жаңы жылда жети күн эс алышы мүмкүн

30 ноября 2023, 13:00

Кыргызстандыктар 2024-жылдын 1-январынан 7сине чейин эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.

Ошондой эле келаткан жылдын 21-мартынан 24нө жана 1нен 5-майына чейин кошумча дем алыш күндөрүн киргизүү сунушталууда.