Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт

7 декабря 2023, 13:15

Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.

Муну менен өлкөдөгү аялдар эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашаган тенденция сакталган.

Ошондой эле өлкөдө жашаган аялдардын пенсиялык куракка жетүү ыктымалдуулугу 90 пайызды түзсө, эркектерде 70 гана пайыз.