Кыргызстандын алтын резерви бир жылда 5,2 тоннага көбөйдү

7 февраля 2024, 11:41

Кыргызстандын алтын запасы 21,6 тоннага жакын. Бул тууралуу “World Gold Council” (Дүйнөлүк алтын кеңеши) жазды.

Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 5,2 тоннага же 31,5%га көп.

Кыргызстан “World Gold Council” рейтингинде 63-орунда турат.

“Кыргызстанда 2000-жылдан 2023-жылга чейин алтындын запасы орто эсеп менен 5,73 тоннадан 21,6 тоннага жеткен”, - деп жазат Trading Economics басылмасы.