Өкмөт консулдуктарда төлөмдөрдү жогорулатууну сунуштады

14 ноября 2023, 14:00

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Мекендештер-2023” форумунун алкагында консулдук төлөмдөрдү жогорулатууну сунуштады.

Анын айтымында, учурда мигранттар үчүн төлөм өтө төмөн, болжол менен 2-3 доллар.

“Бирок чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын жашоо деңгээли мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырды. Менимче, алар жок дегенде 50 доллар төлөй алышат. Бул чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иштешине салым кошот”, - деди ал.