Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 2,8 млрд долларды түздү

13 ноября 2023, 11:20

2023-жылдын октябрынын аягында Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 2 млрд 834,18 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Акыркы бир айда дүң эл аралык резервдер 204,71 млн долларга өскөн. 12 айдын ичинде алар 247,1 млн долларга, ал эми 2023-жылдын башынан бери 36,09 млн долларга өстү.

Резервдин эң жогорку деңгээли 2021-жылдын сентябрында 3 млрд 241,14 млн долларды түзгөн.