Кыргызстандын ички карызы 110 млрд сомго жетти

2 октября 2023, 10:40

29-сентябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 110 млрд 125 млн 356,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Ички карыздын азайышы жүгүртүү мөөнөтү 3 жана 7 жылдык (564 млн 418,5 миң сомго жана 2 млрд 729 млн 896,6 миң сомго) казыналык милдеттенмелерди жайгаштыруунун эсебинен болду.

Белгилеп кетсек, Каржы министрлиги дагы 5 жана 10 жылдык мамлекеттик облигациялар (1 млрд 86 млн 57,3 миң сом жана 2 млрд 164 млн 703,1 миң сом) боюнча милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөгөн.

Ошентип, өлкөнүн ички карызы 18-сентябрга салыштырмалуу 9 млрд 45 млн 75,5 миң сомго азайган.