Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 трлн сомдон ашты

28 ноября 2023, 12:45

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион сомдон ашты. Тиешелүү маалыматты Экономика жана соода министрлигинин сайтындагы атайын эсептегичтен көрүүгө болот.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын белгилеген.

ИДП бул – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү.