Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 22,4%га төмөндөдү

12 августа 2020, 14:14

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-июнь айларында 2 млрд 577,4 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,4%га кыскарды, ошол эле учурда экспорттук берүүлөр 2,4%га жогорулады. Ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 32,2%га төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 54,8 млн долларды түзүп, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 17,3%га азайган. Ошол эле учурда, экспорттук берүүлөр 25%га, импорттук түшүүлөр 15%га төмөндөгөн.

Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (67,6%) жана Казакстанга (30,3%) туура келген.