Кыргызстанга алынып келаткан 22,5 миң кг балыктын жеми артка кайтарылды

25 апреля 2024, 11:00

Кыргызстанга балыктар үчүн жем мыйзамсыз киргизилген. Ал Орусияга кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору Орусиядан Кыргызстандын аймагына 22 миң 500 кг балыктын жеми мыйзамсыз ташылып келе жаткандыгын аныктады.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Орусияга артка кайтарылды.