Кыргызстанга көмүр жеткирүү дээрлик эки эсеге кыскарды

4 декабря 2023, 14:25

Кыргызстанга көмүр жеткирүү дээрлик эки эсеге кыскарды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин өлкөгө 469,5 миң тонна кара отун ташылып келинген.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 820 миң тоннадан ашкан.

Импорттун эмне себептен азайганы айтылган жок. Белгилеп кетсек, Кыргызстанга көмүр негизинен Казакстандан ташылат.