Кыргызстан Краснодар селекциясынын 2 миң тонна буудайын алат

3 мая 2021, 12:25

Кыргызстанга 2 миң тонна Краснодар буудайы келет. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин Орусияга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө кабыл алынган. Бул тууралуу аталган министрликтин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков иш сапарынын алкагында, «Щелково Агрохим» ААК ишканасынын башкы директору Солис Каракотов, КМШ өлкөлөрүнүн «Семена» ассоциациясынын жетекчиси Иван Кузьмин жана Өсүмдүк өстүрүү департаментинин жетекчиси Александр Прянишников менен жолукту.

Жолугушунун алкагында Орусиядан Кыргызстанга 2 миң тонна Краснодар селекциясында өстүрүлгөн буудайдын үрөнү жана 100 тонна күздүк буудайдын үрөнүн акысыз жеткирүү жана аны республиканын аймактарында сыноо өткөрүү жөнүндө келишими түзүлдү.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстанга өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды жеңилдетилген шартта жеткирүүнү макулдашты.