Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды

12 октября 2023, 10:45

Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-августунда чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 1 миллиард 263 миллион доллар которду.

Бул 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 650 миллионго аз.

Которуулардын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет. Андан кийин АКШ, Түркия, Казакстан, Германия жана башка мамлекеттер турат.