Кыргызстанга Россиядан жазгы үрөндөр келүүдө

15 марта 2022, 12:58

Кыргызстанга Россиядан буудай, арпа, сафлор, буурчак, семечке келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги берген тизме боюнча ӨКМ үрөндөрдү аймактарга ташууда.

“Азыр үрөндүн ташуусу кармалууда, себеби акыркы окуяларга байланыштуу темир жолдун иштешине тоскоолдук жаралууда. Ага карабастан үрөндүн жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндөрдү унаа менен өлкөнүн түштүгүнө ташууда”, - деди Ажикеев.

Белгилей кетсек, “Айыл Банк” ААКнын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык насыя түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50% кайтаруу менен. Үрөндүн баасы: элита – килограммы 53,85 сом жана биринчи репродукция - килограммы 47,1 сом.