Кыргызстанга жалпы баасы 167 млрд сомду түзгөн 122 миң унаа импорттолду
Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанга 122 миңден ашык унаа алып келинди. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, чет жактардан ташылган жеңил машиненин жалпы баасы 167 миллиард сомду түздү.
Ал эми былтыркы жылдын январь-сентябрында болгону 25 миңден ашуун унаа импорттолгон.
Белгилеп кетсек, быйыл Түштүк Кореядан келген унаалар басымдуулук кылат. Андан кийинки орунда Кытай жана АКШ турат.