Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келди

19 августа 2020, 17:00

Кытай Эл Республикасы КР Саламаттык сактоо министрлигине кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Министрликке 25 жасалма дем алдыруу аппараты, тез жардам унаалары үчүн 29 ИВЛ аппараты, ошондой эле 6 көчмө ИВЛ аппараты, 400 медициналык беткап, 100 бетти калкалоочу калкан жана ПЧР-тесттери үчүн 20 000 сарптоочу материал берилген.