Кытай менен Кыргызстандын ортосунда товар ташуудагы көрсөткүчтөр эки башка болууда

7 апреля 2022, 11:23

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме учурунда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар ташуудагы көрсөткүчтөр эки башка экенин айтты.

Акылбек Жапаров жыйында автоунаалардын жүк ташуу көлөмү боюнча кытай тараптын маалыматы Кыргызстандын Финансы министрлигинин маалыматтары менен дал келбегендиги маселесине токтолду.

Анын айтымында, маалыматтардын дал келбестиги 2000ден ашык унааны түзөт.

«Мунун себебин такташыбыз керек. Кытай тарап көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жеткенин билдирди. Бизде такыр башка сандар көрсөтүлүүдө», - деди Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы үч күндүк мөөнөттө дал келбестиктин себебин аныктоо тапшырмасын берди.