Кытайдан Кыргызстанга жеңил унаалардын импорту көбөйдү

23 октября 2023, 11:50

Кытайдан Кыргызстанга жеңил унаалардын импорту көбөйдү.

Коңшу мамлекеттин Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-сентябрь айларында биздин өлкөгө 25,5 миң жеңил унаа алынып келинген.

Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 834 гана бирдик болгон. Бул 31 эсе аз дегенди түшүндүрөт.

Доллар менен эсептегенде Кытайдан Кыргызстанга унаа импорту 743 миллион доллардан ашык каражатты түздү.