Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына инвестицияларды тартууга жардам берет

5 августа 2020, 10:03

ЕЭКтин Ишкердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Жолдыбаева пандемиядан келип чыккан кризистти жеңүү үчүн, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Мисалы, биримдиктеги өлкөлөрү бизнес жүргүзүү шарттарын начарлатпоого милдеттеништи. Биримдиктин дагы бир маанилүү артыкчылыгы - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инвесторлоруна улуттук режимди, элге ыңгайлуу мамиле жасоо, сандык, инвестициялык жана башка чектөөлөрдү колдонбоо айтылды.

«Биздин союзда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларына инвестицияларды тартуунун түрткү берүүчү фактору болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун механизмдерин колдонуу менен белгилүү бир долбоорлорго капиталды инвестициялоо инвестицияларды тартуу жараянын кыйла жагымдуу кылат », - деп белгиледи Жолдыбаева.