Кызыл Ай коому Ысык-Көл облусуна тез жардам унаасын берди

16 июля 2020, 13:00

Тез жарадм унааларынын курч жетишпей жаткандыгын эске алуу менен, Кыргызстандын Кызыл Ай коомму Ысык-Көл облусунун Үй-бүлөлүк медицина борборуна пандемия мезгилине колдонууга толук жабдууланган атайын унаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Белгиленгендей, тез жардам унаасы жасалма дем алдыруу аппараты, кычкылтек баллондору, пульс өлчөгүч, дефибрилятор, наркоз берүү аппараты жана биринчи жардам көрсөтүүгө керектелген баардык медициналык жабдыктар менен жабдууланган.