Кызыл-Кыяда 65 турак жай сел кооптуулугунан корголду
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 65 турак жай сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, учурда Кызыл-Кыя шаарынын Чоң-Жинжиген айылында сел жүрүүчү Жин-Жиген сайын механикалык тазалоого жумуштары колго алынды.
Жыйынтыгында сай жээгинде жайгашкан 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол сел алып кетүү коркунучунан коргоого алынды.