Казакстандын ИДПсы мурдакыдай калыбына кийинки жылы кайтып келиши мүмкүн

2 декабря 2020, 15:38

Казакстанда ИДПнын көлөмү мурдагы калыбына кийинки жылы кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ЕРӨБдүн 2021-жылдагы отчетунда айтылат.

ЕРӨБдүн прогнозуна ылайык, 2021-жылы Армениянын экономикасы 4.9%, Казакстандыкы — 4.4%, Кыргызстандыкы — 3.7%, Россияныкы — 3.2%, Тажикстандыкы — 6.1% жогорулайт.

«Армения, Кыргызстан жана Россия кризиске чейинки абалына 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында гана кайтып келет. Мунун себеби, үстүбүздөгү жылы ири жоготууларга туш болгондугунда. Белорусияда 2021-жылы ИДПнын көлөмү 0.1% кыскарышы күтүлүүдө, ал эми кайра толукталышы 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына туш келет», — деп белгилешти аналитиктер.