Казакстан: биз тараптан инвестицияланган компанияларды коргоого чакырам

9 октября 2020, 11:00

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандагы казак инвесторлоруна таандык бир катар ишканаларга карата басып алуу аракеттери болуп жаткандыгына олуттуу тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу аталган ведомствонун расмий сайтында маалымдалат.

«‎Казакстандын жарандарына карата кол салуу жана мүлктү талап-тоноо, басып алуу аракеттерине өзгөчө тынчсызданып жатабыз. Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы казакстандык инвесторлорр тарабынан дээрлик 1 млрд долларга каржыланган», — деп малымдалат билдирүүдө.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарапка, казакстандык компанияларда эмгектенген казак жарандарынын коопсуздугун сактоого чакырды.