«Лейлек» ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн

12 февраля 2024, 09:15

"Лейлек" ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу дээрлик 6 МВтты түзөт.

ГЭС Баткен облусуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына курулууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддордун бири тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5 млн 600 миң доллар бөлүнгөн.