Лейлекте 225 орундуу мектептин жаңы имараты курулууда

19 января 2024, 12:45

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунундагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

225 орундуу объекттин жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен каржыланды.

Учурда мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер эмгектенет жана 284 окуучу билим алууда.