Өлкөдө 3,3 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилди

3 октября 2023, 13:36

Жыл башынан бери кыргызстандыктар лизингге 3,3 млрд сомдук айыл чарба техникасын алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Айыл Банк” ААКтын транзакцияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы Урмат Кербенбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы банк лизингдик операцияларды каржылоо боюнча 3 млрд сом өлчөмүндө рекорддук көрсөткүчтөргө ээ болгон.

“Быйыл 1-октябрга карата 3,3 млрд сомдук келишимдер түзүлдү. Каражаттын басымдуу бөлүгү айыл чарба техникаларына жана жабдууларга жумшалган, - дейт Урмат Кербенбаев.