Бирдиктүү салык декларациясын 370 миңден ашуун адам тапшырды

19 марта 2024, 12:52

Учурда 370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 363 миң 95и электрондук түрдө тапшырган. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Тапшыргандардын ичинен 32 миң 812 юридикалык жактар, 76 миң 41 жеке ишкер, 209 миң 515 жеке жак, ошондой эле 51 миң 742 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларацияны кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин БСДны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.