Өлкөдө 750 миң бала бакчага барбай турганы айтылды
Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын 28%ы, же 222 миңи гана бала бакчага барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, 750 миң бала үйдөн тарбияланат.
“Жыл сайын 150 миң -160 миң наристе төрөлөт. Биз алардын баарын бала бакча менен камсыздай албай жатабыз”, - дейт министр.