Өлкөдө орточо айлык акы 33 миң 512 сомду түздү

11 апреля 2024, 11:25

Кыргызстанда ушул жылдын январь-февраль айларында орточо айлык 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11,6%га өскөнүнөн кабар берет.

Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.