Өлкөдө жашоо минимуму 7 миң 756 сом деп эсептелди
Өлкөдө жашоо минимуму 7 миң 756 сом деп эсептелди.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму – 8 миң 888 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы - 6 миң 878 сом, балдардыкы - 6 миң 598 сомду түзөт.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.