Өлкөдөн жер семирткичтерди сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

22 февраля 2022, 12:15

Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиршти.

Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.