Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды

1 апреля 2024, 16:00

Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жер айдоо иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, тиешелүү жерлер азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды. Учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жогорку темпте аткарылууда.