Люксембургда эми коомдук тарнспорт  жүргүнчүлөрдү акысыз жеткирет

2 марта 2020, 13:45

2020-жылдын 1-мартынан тарта Люксембурга автобус, поезд жана троллейбуска болгон төлөмдү толугу менен алып салат. Бул тууралуу РИА Новости порталы билдирди.

Акысыз жол акы өлкөнүн аймагында гана күчүнө кирет.

Люксембург коомдук тарнспортко болгон акыны толугу менен жойгон алгачкы шаар болуп калды.

Бул чечимге келүүнүн бирден бир себеби - өлкөдөгү унаа тыгындары болгон. Люксембургдун жашоочулары 600 миңге жакын, күнүгө эртең менен жумушка Германиядан, Франциядан жана Бельгиядан келишет.

Акысыз коомдук транспортту ишке киргизүү бюджетке 41 млн евро чыгымга алып келерин, өлкөнүн өкмөтү билдирди.