Маданият министрлиги китеп сатып алууга 5 млн сом сарптады

18 апреля 2022, 11:30

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги китеп сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып 24.kg жазды.

Маалыматка ылайык, сатып алуунун суммасы 5 миллион сомду түздү. Тендерди “Улуу Тоолор” ЖЧКсы уткан.

Маданият министрлигинин өтүнүчү боюнча республиканын китепканалары үчүн кыргыз классиктеринин да, чет элдик бестселлерлер сатылып алынат.