Кыргызстанда майнинг салыгы үч салыктын ордуна төлөнөт

16 октября 2020, 16:02

Кыргызстанда тоо-кен тармагында иштегендер үчүн атайын салык режими киргизилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тоо-кен казып алууда салыктык база болуп кен казуу учурунда керектелген электр энергиясы үчүн алынуучу сумма эсептелет, анын ичинде КНС жана сатуу салыгы. Салыктын ставкасы 15% белгиленди.

Майнинг – үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш болуп эсептелет.