Майыптыгы бар балдарды карагандардын айлыгы көтөрүлдү

3 ноября 2023, 13:29

Майыптыгы бар балдардын жеке кароочуларынын айлыгы 1368 сомго көбөйүп, 6 миң 268 сомду түздү. Буга чейин айына 4 миң 900 сом берилчү. Бул тууралуу Reporter.kg жазды.

Маалыматка ылайык, патент жана социалдык камсыздандыруу мамлекет тарабынан өзүнчө төлөнөт. Ыктыярдуу патент үчүн республикалык бюджеттен 300 сом, ал эми мамлекеттик камсыздандыруу полиси үчүн аймактык коэффициентти эске алуу менен 617 сомдон 980 сомго чейин бөлүнөт.

"Жеке ассистент” кызматы майыптыгы бар балдарга 2019-жылдан бери көрсөтүлүп келет.

Өткөн жылдын июнь айынан бери бул кызматты 18 жаштан жогору, сырттан дайыма кароого муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдар пайдалана алышат.

Бүгүнкү күндө 13 миң 624 жеке ассистент кызмат көрсөтөт.