Мамлекеттик ипотекалык компания онлайн кабыл алууну баштайт

12 февраля 2021, 11:25

15-февралдан тарта «Мамлекеттик ипотекалык компания» онлайн кабыл алууну баштайт. Бул тууралуу мекеменин официалдуу сайтында маалымдалат.

«Мамлекет-платформа катары» пилоттук долбоордун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу онлайн кабыл алуу токтоп калган.

Пилоттук долбоор жакшы жыйынтыгын көрсөттү. Айрым техникалык жана юридикалык суроолор чечилген соң, пилоттук версиясы уланат.