Мамбюджеттин дефицити 9 айда 2 млрд сомду түзгөн

27 декабря 2019, 14:38

Мамлекеттин бюджеттик дефицити 2019-жылдын январь-сентябрь айында 2 млрд сомду (ИДПнын 0,5%) түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 млрд сомго (ИДПнын 0,02%) өскөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирет.

Бюджеттин дефицити 2019-жылдын аягында ИДПнын 1,7% түзүп, дагы жогорулашы мүмкүн. 2021-жылга дефицит ИДПнын 1,3% азайтуу боюнча Каржы министрлиги тарабынан иштер жүрүп жатат.