12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча аукцион өтпөй калды

11 марта 2021, 17:15

12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча аукцион, катышуучулардын жетишсиздигинен улам өтпөй калды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 60 млн сомду түздү.

Эске сала кетсек, кечээ 91 күндүк ноталардын кирешеси 5.20% чейин жогорулаган.