Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы жетекчи дайындалды
АК «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» директорлор кеңеши жыйында жаңы төрага катары Аид Төлөгөновду шайлашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Төлөгөновдун Салык кызматында ири тажрыйбасы бар. Коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке структураларда финансист жана бухгалтер болуп иштеген.
Ал эми компаниянын буга чейинки директору Эльмира Абжапарова ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.