Мамлекетке «Google» салыгы түрүндө 437,5 млн сом түштү

29 ноября 2023, 15:30

Январь-октябрь айларын кошкондо мамлекеттик бюджетке “Google салыгы” түрүндө 437 млн 582,2 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Белгилеп кетсек, 9 айдын маалыматына ылайык, чет элдик компаниялардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрү боюнча КНСтин көлөмү 266 млн 816,3 миң сомду түздү. Башкача айтканда, ай сайын түшкөн салыктар буга чейин болгон сумманын 64% түзгөн деп айтууга болот.

“Акчабарга” маалымдагандай, чет элдик компаниялар Мамлекеттик салык кызматына кварталына бир жолу төлөмдөрдү жүргүзүп, төлөнгөн сумма салыктар төлөнгөндөн кийинки айдын статистикасына киргизилет.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын чет өлкөдөн колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга салык салуу боюнча мыйзам 2022-жылы күчүнө кирген. Биринчилерден болуп төрт чет элдик компания катталган. Алар “Yandex Go”, “Vaskiani Ventures”, “Xsolla” жана “Adobe”, бирок бүгүнкү күндө алардын саны 39га жетти