Мамлекеттик бажы кызматы 17 унаанын ээлерин издеп жатат

9 ноября 2023, 15:30

Мамлекеттик бажы кызматы Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын кампасында турган 17 унаанын ээлерин издеп жатат.

Мекеме машинелер бажыдан өткөрүлбөй, көптөн бери ошол жерде турганын белгилейт.

Унаа ээлери 17-ноябрдан кечикпестен Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылышы керек. Эгер алар табылбаса, ведомство сотко кайрылат жана техника мамлекеттин менчигине өтөт.