Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 130.8 млрд сомду түздү

29 декабря 2020, 10:15

2020-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 130.8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Кирешенин басымдуу бөлүгү Салык кызматынан түшкөн - 69.3 млрд сом, бажы салыктарынын кирешеси 25.4 млрд сомго жогорулады.

Бюджеттин салыктык эмес кирешеси 27.4 млрд сомду түздү. Кумтөрдөн түшкөн кирешенин көлөмү 8.5 млрд сомго жеткен.