МИК 2016-жылдан бери 4 млрд 793,2 млн сомго насыя берген
Кыргызстанда «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» линиясы аркылуу 2017-жылы бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлерге 1 млрд 691.8 млн сомго турак-жай алууга насыя берилген. Бул тууралуу мамлекеттик компаниянын каржы отчетуна таянуу менен билдирүүгө болот.
2020-жылы МИК 283.3 млн сомго турак-жай алууга насыя берген. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 6 эсеге төмөн.
Мамлекеттик ипотекалык программа башталгандан бери 4 млрд 793,2 млн сомго насыя берилген.