Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык насыя берүүнү жандантты

21 февраля 2022, 13:50

Бүгүнтөн тартып "Мамлекеттик ипотекалык компания" өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат. Бул тууралуу аталган ААКнын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Бакай Банктын” филиалдарына кайрылса болот.