Мамлекеттик карызды төлөөдөгү пайыз 2022-ж. 9,8 млрд.сомду түзөт

23 сентября 2019, 09:24

2021-2022 - жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 2021 – жылга 191,5 млрд. сомго жана 2022 – жылы 190,9 млрд. сомго кыскаруусу мүмкүн. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин 2020-2022 – жылдардагы бюджеттик саясаттын негизги багыттарындагы документте жазылат.

2022-жылы мамлекеттик карызга болгон пайыздык төлөө 9,8 млрд. сомду түзөт.

Капиталдык салымдарга, стимулдук грантка, мамлекеттик инвестицияларды каржылоодогу чыгашалар 2021 – жылы 4,9 млрд. сомду жана 2022 – жылы 7,6 млрд. сомду түзөт. Мамлекеттик тышкы инвестициялардын чыгашасы (грантты кошкондо) 2021 – жылы 21,7 млрд. сомго, 2022 – жылы 14,2 млрд. сомго жетиши күтүлүүдө.