3 ай ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 53.2 млрд сомго жогорулаган

18 мая 2020, 09:40

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын мамекеттик карызы 4 млрд 649.21 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу республиканын Каржы министрлиги билдирди.

Мамлекеттик карыздын ичинен 86.2% же 4 млрд 6.05 млн сом (323 млрд 729.06 млн сом) тышкы карызды, 643.15 млн $ (51 млрд 973.22 млн сом) ички карызды түзөт.

Кошумчалай кетсек, январь айынан март айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы 53 млрд 235.74 млн сомго жогорулаган.

Тышкы карыздын жогорулашынан улам, мамлекеттик карыздын көлөмү өсүүдө. Кытай мамлекетине болгон карыздын көлөму, январдан мартка чейин 18.1 млрд сомго жогорулаган.

Эске сала кетсек, 2020-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 32 млрд 821.2 млн сом которуу пландалууда.