Мамлекеттик «өзгөчө» номерлерди сатуудан бюджетке 2.4 млн сом түшкөн

26 августа 2020, 10:45

Акыркы төрт жыл ичинде мамлекеттик автоунаа номерлерди сатуудан Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке 2 млн 400 миң сом киреше алып келген. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Номерлерди сатып алуу аукционсуз жүргүзүлөт. Бир номердин баасы 100 миң сомго чейин барат.

Бул сатып алуудан түшкөн каражат 100% мамлекеттин казынасын толтурат.

Эске сала кетсек, мамлекеттик «өзгөчө» номерлерди сатуу 2016-жылдан тарта башталган. Буга чейин бул ишкерлик менен жеке компаниялар алектенип келишкен. Түшкөн каражаттар толугу менен бюджетке эмес жеке жактардын чөнтөгүнө кетчү.