Сиз 70 миң сом пенсия алгыңыз келеби? (видео)

17 января 2020, 10:50

Мамлекеттик топтолмо пенсия 2010 - жылдын 01 - январынан тарта киргизилген.

Бул пенсияга Сиздин айлык акыдан 2 % кармалып, Сиздин жеке эсебиңизде сакталат. Ал акча жөн эле сакталбастан инвестицияга жумшалып үстүнө кирише таап турат. Азыркы убакытта топтолгон пенсиялык акчаны иштетүүгө Соцфонддун алдындагы Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд жана «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фонду укуктуу, Сиздердин тандоо укугуңар бар, Соцфонддун алдындагы Мамлекетик топтолмо пенсиялык фонддо калтырсаңар болот, же арыз жазып «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фондуна башкарууга берсеңиздер болот. Эгерде Сиз фермерлик чарба же патент менен иштесеңиз, Сиз бул пенсиянын түрүнө катыша албайсыз. Бул пенсия, пенсия курагына келгенде бериле баштайт, адам каза болгон учурда мураска калат.