Мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлбөй калды

22 мая 2020, 11:00

21-майда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукциондук кирешелүүлүктүн жогорку өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу жараксыз деп табылды.

Белгилей кетсек, аукциондо бюджетке 50 млн сом тартуу пландалган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 22-майда мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Эмиссиянын көлөмү 400 млн сомду түзөт.